COVID-19: Вирустан дагы эки бейтап каза болду

2-мартка караган суткада Кыргызстанда коронавирус 29 адамдан аныкталды.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 94 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 491 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 556 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X