COVID-19га каршы эмделгендердин баарынын абалы жакшы.
Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
29-мартта Кыргызстанда эмдөө кампаниясы башталып, 100 жаран вакцина алган. Бишкек шаарында 42 (40 дарыгер, 1 мугалим жана 65 жаштагы жаран), Чүй облусунда 30 (29 дарыгер жана 1 карыя) адамга, Ошто 28 дарыгерге вакцина куюлган. Алгачкы эмдөөнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алып, абалы башкалардыкы сыяктуу жакшы экенин Айнура Акматова маалымдады.