ЦАРЭСтин 25-конференциясында соода жана логистика маселелери талкууланды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

Улан-Батордо ЦАРЭС программасынын 25-министрлер конференциясы өтүп, анда аймактык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Иш-чарага Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Конференцияда транспорт жана логистика, санариптик коридорлор, жеке сектор, туризм, капитал рынокторун өнүктүрүү жана аймактык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелери каралды.

Панелдик сессияда Султан Ахматов соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө транспорттук коридорлордун маанисине токтолду. Ал «Алматы — Бишкек экономикалык коридору» демилгесин мисал келтирип, соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу жана жол-жоболорду санариптештирүү зарылдыгын белгиледи.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X