Цю Юн Кыргызстанга расмий сапар менен келди
2026-жылдын 21-майында Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министринин орун басары Цю Юн расмий иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Делегация 22-май күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника тармагындагы министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилеринин онунчу кеңешмесине катышууда.
Расмий сапардын алкагында кытай делегациясы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барып, кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасын чагылдырган экспозициялар менен таанышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А.Ш. Мадаминов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий мурас объекттерин сактоо, реставрациялоо жана илимий изилдөө багытындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечегин талкуулашты. Ошондой эле музей тармагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, делегация маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак-Бешим шаарчасы тарыхый-маданий комплексине барат. Аталган эстелик ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген жана Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири катары тарыхый өзгөчө баалуулукка ээ.
Адистердин баамында, кытай делегациясынын бул сапары маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгын дагы да бекемдеп, маданий мурастарды сактоо жана изилдөө багытындагы биргелешкен долбоорлордун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.