ДҮЙНӨНҮН ТУТКАСЫН КАРМАГАН АРУУЗААДА АПАЛАР

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Ааламга жарык мээримин чачкан, жашоого жаз алып келип коломтобуздун отун тутанткан, турмуш туткасы – ЭНЕ. Эне жөнүндө канча айтсак да жарашат. Бизге жашоо берип, аны көркүнө чыгарып, өлбөстүккө жетелеген апалар тууралуу айткан айрым инсандарыбыздын сезимдери менен бөлүшөбүз.

КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев:
“Мээримге тойгон бактылуу жигит болдум”

— Орозонова Асанбүбү энем совет мезгилиндеги колхоздо иштеген эмгекчил аялдардын бири эле. Балдарын какус-кукус кылмак түгүл катуу айтпаган абдан мээримдүү эне болгон. Азыр өзүм минтип алтымыш жаштан ашканда энемдин мээрими канчалык күчтүү болгондугун туюп жатам. Эне балага канчалык мээрим төксө, бала да ошончолук боорукер, таалим-тарбиялуу болот экен. Ал эми эне мээримин көрбөй калгандардын жашоолору оор болуп, таш боор болуп калат турбайбы. Ошол үчүн мээримге тоюп чоңоюп, бактылуу жигит болдум. Болгондо да эң жөнөкөй, колхозчу эненин айылдык баласы экендигиме сыймыктанам.

Биз 1-2-класста окуп жүргөн кезде азыркыдай жетишип кеткен заман болбосо да, элдин курсагы тоюп калган бейпил убак эле. Майрамдарда атайын баракка гүлдүн сүрөтүн тартып, кечинде апабыз иштен келгенде бир туугандар тизилип алып, жазган куттуктоолорубузду окуп, кучактап туруп тапшырчубуз. Балдарынын куттуктоолоруна абдан ыраазы болуп “силер аман-эсен чоңойсоңор болду” деп жашып кетчү. Бирок, арман кылам… алтымыш жашка жетип-жетпей биздин жакшылыктарбызды көрбөй эрте кете берди… Дайыма сагынам… Ата-энемдин айылдагы эски сүрөтүн алып келип, жаңыртып, чоңойтуп иш бөлмөмө коюп, үйүмө илип алгам. Апам “Баатыр эне”, атам “Эл агартуунун отличниги” болгон эл арасында кадырлуу адамдар эле.


Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев:
“Эмгегинен баар таап жогорку сыйлыктарга татыган”

— Союз учурунда көп балалуу үй-бүлөнүн катарында болчубуз. Ата-энем мугалим болуп эмгектенишкен. Апам эмгегинен баар таап көптөгөн жогорку сыйлыктарга татыды. 1970-жылы Лениндин 100 жылдыгына карата юбилейлик алтын медалы жана “За трудовую доблесть” медалы менен сыйланган. Сыйлык алганда эмгеги бааланып жатканына сүйүнүп келчи. Майрамдарда открытка жазып куттуктачубуз. Кыздарга китеп берчи элек. Мындай белектер баалуу болчу. Ал учурда ушундай салт болчу. Азыркыдай жарышып баалуу белек-бечкектерди берүү болчу эмес. Кийин окууну бүтүп келгенде жакшыраак көңүл буруп, майрамдын маанисин, шаңын түшүнүп калдык.

Бала кезимде 8-март болобу же башка майрамдар болобу апам гүлчатай жасачу, үндүк бышырып дасторкондун көркүн ашчу. Тилекке каршы, апам менин саясатка кирип, элдин жүгүн көтөргөн учурумду көрбөй калды. Азыр биздин жакшылыгыбызды көрүп, төрдө балпайган байбиче болуп олтурбаганы мен үчүн өмүрүмдөгү өксүк болуп кала берди.


Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев:
“Жүрөгүңдөгү боштукту энеден башка эч ким толтура албайт”

— Эне деген сөз канча деген кереметти камтып турат. Менин бейиши болгур апамдын аты Фатима. Абдан жөнөкөй, карапайым, ошол эле кезде китеп, гезит журналды көп окуган, көптү билген жан эле. Андыктан куйкум сөздүү, макал-лакаптарды ылайыгы менен кошуп сүйлөчү. Жети бала төрөгөн. Совхоздо тамекичи болуп иштеди. Турмушта абдан сарамжалдуу эле. Көп балалуу энелерге тийиштүү түмөн түйшүктөрдү көрүп жашады. Тилекке каршы көп ооруду. Мындан 15 жыл мурун чын дүйнөгө кетти. Аллах жайын жаннаттан берип, өз мээримине алсын деп күнүгө Куран окуп, дуба кылам… Кадимкидей жан дүйнөмдө, жүрөгүмдө боштук пайда болгондой сезилет… Ал боштукту энеден башка эч ким толтура албайт тура…


Жогорку Кеңештин депутаты Миргул Темирбаева:
“Кудай кут кылсын, апам төрүбүздө сый көрүп олтурат”

— Апам Мамадаминова Салима математика мугалими болуп эмгектенди. Билим берүү тармагындагы, келечек муунду тарбиялоодогу эмгеги бааланып “Эл агартуунун отличниги” наамын алган. Өз кесибин өзгөчө сүйөт. Окуучулары кезинде мамлекеттик экзамендерден жогорку баа алып, олимпиадалардан биринчиликке жетишкендиктерине апамдын салымы чоң экендигин азыркыга чейин айтышып, сыймыктанып жүрүшөт. Атам 37 жашында эле эрте өтүп кеткен. Апам беш баланы жалгыз тарбиялап, өстүргөн. Бардыгыбыз мектеп жашындагы кенедей балдар элек. Сыртта эркектин, үйдө аялдын ишин жасап жаны тынчу эмес. Эч кимден кем кылбай, керек болсо аталуулардан артык багып чоңойтту. Чындыгында ошол кездеги аялдар кыйын болгонбу же беш баласы бел-күч болгонбу кыйынчылыкка майтарылбай бизди бутубузга тургузду. Бардыгыбыз жогорку билимдүү инсандардан болдук. Азыр ардактуу эс алууда, 70 жаштын чайын ичип, биздин төрүбүздө олтурат. Кудайым кут кылсын!


Маданияттын мыкты кызматкери Айбек Касымов:
“Дайыма кубаныч тартуулагым келет”

— Мен бала кезде азыркыдай белектин түрү жок болчу. Бирок, открытканын түрү бар эле. Майрамдарда теңтуш балдар бири-бирибиздикине окшобогонун тандачубуз. Кагазга аппликациялар менен кооздоп “Апама “ деп бажырайта жазып, өз колуна тапшырчубуз. Ошентип убакыт өтүп студент болдук. Биздин студенттик учур 90-жылдарга туш келгендиктен өтө деле бардарчылыкта өткөн жок. Ошого карабастан шаарда студент болуп жүргөнүбүзгө эле сыймыктанчубуз. Акыл токтотуп калган учурда апама гүл бергенди өзгөчө жактырчумун. Анан үй-бүлө күткөндөн кийин келинчегим менен кеңешип кымбат белектерди бергенден аянбайбыз. Апам Бошкоева Чынара азыр 64 жашта. Балыкчыда жашайт. Үч баланын кадырлуу энеси. Атамдын көзү өтүп кеткендиктен апабызга дайыма кубаныч тартуулагыбыз келет. Амандыкта төрүбүздүн көркү болуп, кылым ашып жашаса экен деп тилек кылам.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Разия Жоошбаева
Жылдыз Дыйканова

 

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X