Дүйнө калкынын ар бир 50чү адамы коронавирус менен ооруп чыкты

“ТАСС” басылмасынын билдирүүсү боюнча, Жер жүзүнүн ар бир 50чү тургуну коронавирус менен ооруп, расмий маалыматка ылайык дүйнөдө илдетке кабылгандардын саны 155,9 миллиондон ашкан.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө 8 миллиардка чукул адам жашаса, анын ичинен илдетке кабылгандар 3 пайызды түздү.

Буга чейин АКШ COVID-19дан каза болгондордун санын кайрадан карап чыгуу керек деген. Себеби, адамдардын ден соолугун көзөмөлдөгөн Америка Институту, пандемия маалында дүйнөдө коронавирустан 7 миллионго чукул адам көз жумганын кабарлаган. Бирок, башка расмий билдирүүлөргө ылайык, каза болгондордун саны мындан кыйла төмөн болушу мүмкүн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X