"Эркин-Тоо"

Дүйнөдө акыркы суткада COVID-19дун рекорддук саны катталды

Дүйнө жүзүндө акыркы суткада коронавирус менен ооругандардын рекорддук саны катталды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча расмий маалыматтарды топтогон Worldometers порталы жазып чыкты.

Порталдын маалыматына ылайык, акыркы суткада дүйнөдө 900 миңге чукул бейтап катталса, 15 миң адам көз жумуп, 736 миң адам илдеттен сакайышкан.  

Коронавирус менен ооругандар көп катталган өлкөлөр:

— Индия 346 миң жаңы учур;

— АКШ  66 миң;

— Бразилия 66 миң;

— Түркия50 миң;

— Франция 33 миң.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 146 221 629 адамга вирус жугуп, 124 324 931 адам айыгып, 3 098 905 бейтап каза тапкан.

Индияда акыркы күндөрү эпидемиологиялык абал өтө коопту чекке жетип, бейтаптарга ооруканада орундар жана кычкылтек аппараттары жетпей жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!