"Эркин-Тоо"

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Маралга» Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 17-мартта каралып, сот аны 15-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Зилалиев УКМК тарабынан 16-мартта кармалган. Атайын кызматтан билдиришкендей, ал 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң доллар алганы аныкталган. Бирок айтылган убадаларын аткарбай, алган акчаны кайтарып берген эмес.

2020-жылы Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча «мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген.

Кийин 2021-жылы 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Зилалиев соттун чечими менен 2022-жылы 17-январда үй камагына чыгарылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!