ДААНЫШМАН ЖАЗУУЧУ КЕҢЕШ ЖУСУПОВ
Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кара сөздүн чебери, публицист жана коомдук ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, КРнын «Эмгек Баатыры» Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Маданият ишмерлери коштошуу зыйнатында Кеңеш Жусупов кичипейил, мээнеткеч инсан, жаш акын‑жазуучулардын көбү аны устат деп аздектеп урматташаарына токтолушту.
Академик Абдыганы Эркебаев:
— Кыргыздын тарыхын изилдеди. Бир катар ири эмгектерди жаратты. «Ырга айланган өмүрдү» жазып, Алыкул Осмоновго экинчи өмүр тартуулады. Бой көтөрүү, менменсинген киши эмес эле. Ар дайым жөнөкөй жүрүм-туруму менен жаштарга үлгү болду. Аалы Токомбаев, Касым Тыныстанов кыргыз адабиятынын биринчи мууну болсо, мен үчүн Кеңеш Жусупов Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков баштаган экинчи муундун алптарынын бири.
КРнын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев:
— Кеңеш Жусупов ар бир кыргыздын жашоосунда терең из калтырган улуу адам! Агайдын жазгандарын окуп, көзүбүз көп нерсеге ачылган. Италия, Жапония маданиятын түшүнүүнүн алиппесин үйрөттү эле. Өспүрүм кезде ошол китепти жыртылгыча окуганым эсимде. Кийин агайга жолуктук, баарлаштык. Армян маданиятынын китепке болгон мамилесин тамшандыра айтып берип (өзү күбө болгон экен), бир топ насаатын айтты эле. «Кыргыздар» жыйнагынын кийинки басылыштарына катышып калдым. Агай калтырган таасирлер, элестер эсибизде, унутулбайт.
КР Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев:
— Кеңеш агай мугалим катары бизге өмүр бою кыргыз болууну үйрөттү. Кыргыз болуунун ыйыктыгын даңазалап жүрүп өттү. Кеңеш Жусупов кыргыздын ташын дагы сүйгөндү үйрөттү. Кыргыз рухун, элин бийиктетти. Өмүрүнүн жарымын арнаган “Ала-Тоо” журналын Маданият министрлиги менен апрелде, туулган күнүндө чыгарып, сүйүнчүлөйлү деп жатканбыз. Атаганат ал күнгө жетпей калды.
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов:
— Кыргызды өзгөчө сүйгөн, кыргызга күйгөн, кыргызды көкөлөткөн, кыргыз жүгүн көтөргөн, кыргызды алга сүрөгөн, кыргыз кыйшайса жөлөгөн, кыргызга түткөн, кыргыздын кыйырын издеген, кыргыз кыйналса түтөгөн, кыргыз өнүксө сүйүнгөн, кыргыз деп жүргөн, кыргыз деп өткөн Кеңеш Жусупов агабыздан айрылдык. Ыйык Орозо айында, жума күнү, Кадыр түндүн алдында 89 жашында жакшы инсандын жүрөгү түбөлүк токтоду. Артында калган эмгектери, жазып кеткен улуу мурастары, өрнөктүү сапаттары, айткан сөздөрү түбөлүккө биз менен! Кошуңуз ага! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин:
— Сиз – бактылуу инсан болдуңуз. Түгөлбай, Зыяш, Кусейин, Чыңгыз, Эсенгул жана башка аталардай эле. Сиз Кыргыз Республикасынын эгемендигине күбө болдуңуз. Сиз эгемен мамлекетибиздин руханий турмушун жаңыртууга салым кошууга үлгүрдүңүз. Эмгек Баатыры катары зор сый-урматка да татыдыңыз. Заманбап кыргыз таануу илими сиз каалагандай көп багытта өнүгүп жатканын көрүп, жаш изилдөөчүлөргө бата бердиңиз. Эми сиздин чыйырыңызды андан ары улантчу шакирттериңиз арбын. Маркум акын Эсенгул Ибраев агабыз айткандай, өлүмдөн соң да өмүр бар. Даанышман жазуучу, ойчул, калем дыйканы Кеңеш Жусуповдун жаңы өмүрү башталды.
Жазуучу чыгармачылык жолун 1958-жылы алгачкы “Түш” аттуу аңгемесин “Ленинчил жаш” гезитине жарыялоо менен баштаган. Тунгуч китеби 1965-жылы “Жашоо кумары” деген ат менен жарык көрүп, 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ага удаа “Каралдым тоолор”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Ыр сабындагы өмүр”, “Күлгүн курак”, “Тоолуктар баяны” аттуу китептери басылып чыгып, окурмандарга тартууланган. Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен бирге “Манас” эпосунун кара сөз вариантын жазган. Кыргыздын этнографиясы, маданияты, тарыхы, оозеки жана жазма адабияты камтылган кырк томдук “Кыргыздар” аттуу фундаменталдык эмгектин демилгечиси жана түзүүчүсү. Жазуучунун көптөгөн көркөм чыгармалары түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган. Ал эми жазуучунун 1975-жылы жарык көргөн “Ыр сабындагы өмүр” китеби залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын, калемгердик эрдигин чагылдырган. Бул китеп кезинде Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыган. Улут сыймыгы, жазуучу жана агартуучу Кеңеш Жусуповдун элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Мээрим Бактыбек кызы
АНЫН ЧЫГАРМАЛАРЫ КООМЧУЛУКТУН АЛДЫНА СУРОО ЖАРАТАТ,
АЛ ЭМИ АДАМЗАТКА КОЮЛГАН АР БИР СУРОО – БУЛ ЖАШОО
Бейиши болгур КР Эл жазуучусу Кеңеш ЖУСУПОВ – кыргыз адабияты үчүн өзүнчө доорду түзгөн, сөздүн наркын жан дүйнөсү менен сезген, улуттук ой жүгүртүүнүн терең катмарларын көркөм образга айланта алган сейрек таланттардын бири эле. Анын чыгармачылыгын бир гана адабий мурас катары эмес, улуттук аң-сезимдин көркөм энциклопедиясы катары кароо туура болот. Кеңеш Жусупов сөздү жөн гана баяндоо каражаты катары эмес, адамдын ички дүйнөсүн, коомдун татаал абалын жана мезгилдин философиясын ачкан күч катары пайдаланган жазуучу болчу. Анын ар бир чыгармасында сырткы сюжеттен да терең – адамдын ички драмасы, моралдык тандоосу жана руханий кыймылы жатат.
Жазуучунун стилинен өзгөчө байкалган нерсе – анын тынч агымдагы философиялык ойлорунун тутумдашуусу. Ал эч качан катуу декларация менен чакырык таштабайт, тескерисинче, окурманды ойлонтот, суроо жаратат. Ушул жагынан алып караганда, анын прозасы эркиндик жана жоопкерчиликтин философиясы менен үндөшүп, адамдын жалгыздыгы, жоопкерчилиги жана жашоонун маңызы тууралуу терең катмарларды ачып берет. Алыкул Осмоновдун тагдыры жөнүндө жазылган “Ыр сабындагы өмүр” чыгармасы – бул жөнөкөй повесть эмес, бул Алыкул Осмоновдун өмүр жолу аркылуу ирээттүү философиялык ой толгоо. Мында К. Жусупов Алыкул Осмоновдун жашоосун чыныгы инсандын ички дүйнөсү менен байланыштырып – кадимки ыр саптарынын өзүндө жашоонун маңызын, ырдын (поэзиянын) адамдын өмүрлүк жолу катары берилгенин – терең ачып берген. Анын чыгармаларында “жакшы” же “жаман” деген жөнөкөй бөлүнүү жок, тескерисинче, адам табиятынын көп кырдуулугу сүрөттөлөт. Бул – чоң жазуучуга гана таандык касиет.
Айрыкча анын тилдик стили өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Кеңеш Жусуповдун тили – бул жылаңач кооздук эмес, ички энергияга толгон, символго бай, бирок ошол эле учурда табигый агымга ээ көркөм тил. Ал карапайым элдин сөз байлыгын заманбап көркөм ой менен айкалыштырып, кыргыз прозасына жаңы дем берген калемгер болгон. Анын чыгармачылыгында улуттук тема өзгөчө орунда турган. Бирок бул улутчулдук деңгээлде эмес, терең маданий-философиялык катмарда берилет. Кыргыз дүйнөсү анын чыгармаларында фольклордук элемент катары эмес, тирүү руханий мейкиндик катары жашайт. Ушул жагынан алганда, ал кыргыз адабиятын локалдуу чектен чыгарып, универсалдуу деңгээлге көтөргөн жазуучулардын катарына кирет.
Кеңеш Жусупов – бул жөн гана жазуучу эмес, ал муундардын ортосунда байланыш түзгөн көпүрө болчу. Анын чыгармалары советтик доордун идеологиялык басымын да, эгемендүүлүк доорунун руханий боштугун да көркөм чагылдырып бере алган. Ал мезгилди эмес, мезгилдин ичинде жашаган адамды жазган. Анын дүйнөдөн кайтышы – бул жеке адамдын жоготуусу эмес, бул бүтүндөй кыргыз руханий мейкиндигинин бир капшытынын бош калгандыгы. Бирок чыныгы жазуучунун өлүмү физикалык гана көрүнүш. Анын сөзү, анын ойлору, анын жараткан образдары окурмандар арасында түбөлүк жашай берет. Кеңеш Жусуповдун мурасы – бул окурман менен жазуучунун ортосундагы тынч баарлашуу. Ал диалог эч качан токтобойт. Анткени анын чыгармалары жөн эле сүйлөмдөрдөн турбайт. Алар коомчулуктун алдына суроо жаратат. Ал эми адамзатка коюлган ар бир суроо – бул жашоонун өзү.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөбүз. Кыргыз адабияты дагы бир улуу инсанын жоготту, бирок анын үнү түбөлүк эл менен баарлашып жашай берет.
Редакция жамааты