Даарат кагаз да тартыш болобу?
Bloomberg агенттиги даарат кагаз тартыш болушу мүмкүн экендигин эскертти. Буга Түштүк Америкадан даарат кагазга керектүү сырьёлорду ташып келүүгө кубаттуулуктардын жетишсиздиги себепчи болушу мүмкүн. Анткени, пандемиядан улам дүкөндөрдүн иштөөсү чектелгендиктен керектөөчүлөр үй запастарын көбөйтүшүүдө, ал эми өндүрүүчүлөр суроо-талапты толук канааттандырууга жетишпей жатат.