Дабыт Абдылбары уулу: Кыргызстан, Кытай көп багытта иш алып барууда  

16-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 138

Мекендешибиз Дабыт Абдылбары уулу  Кытайдын  Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Ак-Чий районунда төрөлүп-өскөн этникалык кыргыз.  Мекенине келип кыргыз жарандыгын алган. Учурда Бишкектеги «Манас» улуттук академиясында эмгектенет. Дилгир, жаш окумуштуу Дабыт менен Кызыл-Суудагы кыргыздардын жашоосу,  Кыргызстан менен Кытай алакасы тууралуу пикир алыштык.

— Мен азыркы тапта  Бишкек шаарындагы «Манас» улуттук академиясында «Эпос таануу» бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Ага чейин Борбордук Азиядагы Америка университетинде бир жылдай жардамчы профессор болуп иштедим. Билим жолум Кыргызстан, Кытай жана Казакстандагы жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта болду. Кыргыз улуттук университетинде магистрлик билим алып, андан соң Кытайдын Борбордук улуттар университетинде филология боюнча PhD даражасын жактадым. Кийин Кытай Коомдук илимдер академиясында пост-доктордук изилдөөлөрдү жүргүздүм.

«Манас» эпосу эл аралык деңгээлде изилденсе дейм

— Менин илимий иштерим негизинен «Манас» эпосу, кыргыз фольклору, антропонимика, салыштырма тил илими, синология жана котормо таануу багыттарына арналган. Ушул күнгө чейин көптөгөн өлкөлөрдүн илимий басылмаларында отуздан ашуун макалам жарык көрдү. Бир катар китептерди кытай тилинен кыргызчага которууга жана редакциялоого катыштым. Ошондой эле кыргыз-кытай маданий жана илимий кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки элдин классикалык адабияттарын өз ара таанытууга өз салымымды кошуп келем. Мен үчүн илим –бул кесип гана эмес, улуттук мурасты дүйнөгө таанытуунун жоопкерчиликтүү жолу. Айрыкча «Манас» эпосун эл аралык деңгээлде изилдөө, жайылтуу жана жаңы муунга жеткирүү менин негизги максаттарымдын бири болуп саналат. Мындан ары да кыргыз маданиятын, тилин жана тарыхын дүйнөлүк илимий мейкиндикте кеңири таанытууга кызмат кылууну өзүмдүн башкы милдетим деп эсептейм.

Кызыл-Суудагы кыргыз боордоштор

— Кызыл-Сууда жашаган этникалык кыргыздар Кытайдагы 56 этностук топтун бири катары модернизация менен глобализациянын шарданында өмүр сүрүп келишет. Кытайда жалпысынан 210 миңдин тегерегинде кыргыз жашайт. Анын 175 миңдейи Кызыл-Сууда, калганы Иле, Кашкар, Аксуу, Хотен, Фуйү сыяктуу аймактарга байырлаган. Кытайлык кыргыздар кыргыз эли менен кандаш. Кытайдагы кыргыздардын уруулук түзүлүшү Кыргызстандагы менен дээрлик бирдей. Кытайда ар бир жаранга кандай шарт түзүлгөн болсо, ал жакта жашаган кыргыздарга да ошондой шарттар түзүлгөн. Ар ким өзүнүн дараметине жараша жашоодогу ырыскысын таап келишет дейт элем.

Кызыл-Суудан Кыргызстанга

— Кызыл-Суудан Кыргызстанга акыркы 3 жылда келген жаштардын саны өстү. Алардын арасында Кыргызстанга инвестор тартуу багытында тың, өз ишин мыкты билген кытайлык кыргыздарды жакшы билем. Алар курулуш, соода-экономика, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактарда майнаптуу аракет кылышууда. Жеке мен өзүмө туура келген багытта Кыргызстанга инвестор тартууга аракет кылып жүрөм. Кытайлык кыргыздар Кыргызстанга келип билим алуу, иштөө, жашоо, инвестор тартуу (болуу) багыттары менен келишет. Анткени, Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү бардык кыргыздар үчүн абдан чоң мааниге ээ. Келип жаткандардын  ниети ак, таза экенин белгилеп кетким келет. Кыргыз коомчулугу жана мамлекет кандаштардын миграциясында адам капиталын да эске алыш керек деп ойлойм. Мисалы, мен өзүмдү Кыргызстандын илим-билим, маданият тармагына адам капиталы катары тажрыйбамды, билимимди инвестиция кылгандардын биримин деп толук айта алам.

Кытай тарыхы терең, эмгекчил эл

— Кытай өлкөсү тарыхы терең, цивилизациясы бай, эли жашоодо күжүрмөн, эмгекчил, сабырдуу эл. Бир нече сүйлөм менен айтып бүтүү кыйын. Ал эми соңку учурларда постпандемиялык доорго мүнөздүү өзгөчөлүктөр тарыхтын мурдагы айлампаларындай эле азыр да кайталанып жаткандай.  Алардын эң негизгиси – экономикалык, коомдук, саясий окуялардын ыкчам өзгөрүшү пайда кылган ар кандай миграциялык кырдаалдар. Кытай жарандарынын Кыргызстанда келишинин коомдук, экономикалык жүйөлүү себептери бар. Менин оюмча учурдагы абал тарыхый контексттен алып караганда кооптоно турган деңгээлде эмес.

Кытай миграциясы

— Кытай миграция багытында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (ASEAN) мүчө мамлекеттер менен тыгыз иштешет. Акыркы 4 жылда Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен бул багытта мамилени бекемдөөдө. Кыргызда сөз бар эмеспи, “Эрге бир кезек, жерге бир кезек” деген. Биз жашап жаткан дүйнө күтүүсүздүктөргө толгон. Кытай сыяктуу ири өлкөлөрдүн ар бир чечими биз үчүн абдан маанилүү. Убагында талдап, илимий, объективдүү, калыс көз караштар жана маалыматтар менен коомчулук жана тиешелүү мекемелер байма-бай таанышып туруусу абзел.

Соода-сатык жана логистика келечектүү багыт

— Кыргызстан менен Кытай үчүн соода-экономика жана логистика артыкчылыктуу багыттардын бири. Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жай классификациясына ылайык, Кытай өнөр жайдын 41 ири тармагын, 207 орто тармагын жана 666 чакан тармагын толугу менен камтыган өндүрүш мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыргызстан ушундай өлкөнүн жакын коңшусу болуп туруп, анын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу деңгээлде пайдаланууга аракет кылышы керек. Кытайдын расмий маалыматында, Торугарт жана Эркечтам посттору Түштүк Шинжаң экспорт соодасынын 70%ын ээлегени көрсөтүлгөн. Экинчи багыт – илим-техника багыты. Ал жалпысынан санарип экономикага жана жасалма интеллект, энергиянын жаңы булактары, айыл чарба технологиясы, биотехнология жана дары-дармектерди белгилесек болот. Аталган багыттарда Кытай азыр дүйнөнүн алдыңкы деңгээлинде. Аны менен катар Кытай тарыхый булактарынан кыргыз тарыхына тиешелүү маалыматтарды иреттөө жана которуу, изилдөө маселеси да бар. Бул да биздин элди эң кызыктырган багыт десек жаңылбайм. Гуманитардык кызматташууда бул тема эч качан күн тартибинен түшпөшү зарыл.

Жаш адистерди даярдоо

— Бүгүн Кытай өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, дүйнөнүн студенттери үчүн стипендияларды бөлүп, жаштарды билим алууга чакырууда. Бул билимге жасаган инвестиция. Ал келечектүү багыт. Ошондой эли жүздөгөн кыргыз жаштары Кытайда билим алышууда. Мына ушул акысыз стипендия аркылуу окуп жаткан жаштардын кайтып Кыргызстанга кызмат кылуусу маанилүү. Бирок, кандай гана болбосун ааламдашуу доорунда Кыргызстан–Кытай кызматташтыгынын алкагында билим берүү тармагына басым жасалышы зарыл. Өзгөчө жаш адистерди даярдоо багыты маанилүү. Тагыраагы, темир жол, логистика адистери, суу ресурстары, айыл чарба, ветеринария багыттарына да көңүл буруу абзел.

Мээрим Бактыбек кызы

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X