Дайырбек Орунбеков Andrew Donaldsке Ала-Арчанын сулуулугун тааныштырды
Кыргызстанга дүйнөгө белгилүү “Enigma” музыкалык долбоорунун легендарлуу үнү Andrew Donalds келди.
Аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тосуп алып, өлкөнүн кооз жаратылышы менен тааныштыруу максатында Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына алып барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Andrew Donalds Кыргызстан тууралуу жылуу пикирлерин билдирип, өлкөнүн жаратылышына, тоолоруна жана өзгөчө атмосферасына суктанганын айтты.
Маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, дүйнөлүк деңгээлдеги маданий инсандардын Кыргызстанга келиши өлкөнүн эл аралык имиджин чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле мындай сапарлар аркылуу дүйнө Кыргызстанды расмий маалыматтардан тышкары, атактуу адамдардын таасирлери жана эмоциялары аркылуу да таанып жатат.
Баарлашуу учурунда Andrew Donalds чыгармачылык жолу тууралуу айтып берип, Toni Braxton жана Whitney Houston менен байланышкан кызыктуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Белгилүү музыканттын Кыргызстан тууралуу позитивдүү таасирлери анын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандарына дагы жетери белгиленди.