Дайырбек Орунбеков Атамбаев жана Ташиевдин тарапташтарына катуу эскертүү жасады
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалган маалыматтарды таратуу жана коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттар боюнча билдирүү жасады.
Анын айтымында, айрым саясатчылардын тарапкерлери жана фейк аккаунттар аркылуу «Кытай басып кетти», «жерлер сатылып жатат», «тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу маалыматтар таратылып келет. Ал мындай билдирүүлөрдү негизсиз деп атап, алар коомчулукту адаштырууга багытталганын белгиледи.
Ошондой эле Орунбеков мындай аракеттер мыйзам чегинде бааланып, жалган маалымат таратуу жана улут аралык кастыкты козутуу фактылары аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
«Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды жана алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Андыктан, такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар», — деп жазды Дайырбек Орунбеков.
Ошондой эле ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн темир жолдордун курулушу, завод-фабрикалардын ачылышы жана экономиканын өсүшү маанилүү экенин белгилеп, коомчулукту ушак-айыңдарга алданбоого чакырды.