Дайырбек Орунбеков: Кара-Көл шаарынын мэри президенттин жарлыгын аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду
Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Президенттин жарлыгынын талаптарын талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
«Соцтармактарда «Энергетик» маданият үйүнүн кызматкери айлык маянасы боюнча видео кайрылуу жасаган. Анда апрель айы үчүн 100 пайызга көбөйүп берилгени, бирок май айында мурдагыдай эле аз өлчөмдө төлөнгөнү айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Көл шаарынын мэриясы кошумча каражатка болгон муктаждык боюнча Финансы министрлигине туура эмес эсептерди жөнөткөнү аныкталды. Ошондой эле май айындагы каржылоо эски эсептер менен жүргүзүлгөндүктөн, кызматкерлерге айлык акы Президенттин Жарлыгында каралган жогорулатуусуз төлөнүп калган. Учурда «Энергетик» маданият үйү толук көлөмдө кошумча каржыланды. Бардык кызматкерлердин маянасы кайра эсептелип чыгып, жетпей калган каражаттар толугу менен төлөндү. Мындан тышкары, Президенттин Жарлыгын талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Президенттин жарлыктары бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сөзсүз аткарылышы керектигин эскертебиз,»-деди Дайырбек Орунбеков.