Дайырбек Орунбеков: Кочкорго чейинки темир жолдун курулушу аяктоо алдында турат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолу боюнча курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Президент Садыр Жапаров 2022-жылы Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушуна расмий старт берген. Учурда долбоордун биринчи этабы болгон Кочкорго чейинки тилкенин курулушу аяктоо алдында турат.
Ошондой эле Орунбеков Кочкор айылында заманбап эки кабаттуу темир жол бекети да курулуп жатканын билдирди.
«Президент Садыр Жапаров 2022-жылы Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушуна старт берди эле. Буюрса, Кочкорго чейинки бөлүгү аяктоо алдында турат. Ошондой эле, Кочкордо заманбап эки кабаттуу темир жол бекети да курулуп жатат», – деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолу өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордун биринчи этабы Балыкчыдан Кочкорго чейинки болжол менен 63 чакырымдык темир жол тилкесин камтыйт.