Дайырбек Орунбеков: Шакиранын Бишкекке келиши өлкөгө миңдеген туристти тартат
Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира 18-октябрда Бишкекке келет. Бул анын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, мындай масштабдагы концерт маданий иш-чара менен гана чектелбейт. Ырчынын концертине коңшу өлкөлөрдөн миңдеген күйөрмандардын келиши күтүлүп, алар Кыргызстанда конок болушат.
Бул мейманканаларга, ресторандарга, такси кызматтарына жана башка тейлөө тармактарына кошумча киреше алып келиши мүмкүн.
Орунбеков белгилегендей, дүйнөлүк деңгээлдеги артисттердин Кыргызстанга келиши өлкөнүн туристтик жана маданий аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле мындай ири иш-чаралар Бишкектин эл аралык концерттерди жана масштабдуу маданий долбоорлорду өткөрө алган шаар катары таанылышына шарт түзөт.