Дайырбек Орунбеков: «Белес» автобустары коопсуздук, сапат жана баа критерийлерине жооп бербегендиктен тандалган эмес»

28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 636

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Белес” автобустарына байланыштуу коомчулукта жүрүп жаткан талкууларга комментарий берди.

Анын айтымында, мамлекеттик сатып алууларда негизги көңүл жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана техникалык туруктуулукка бурулат.

Д. Орунбеков “Белес” долбоору боюнча маселе буга чейин да көтөрүлгөнүн белгилеп, президент кызматка жаңы киришкен учурда аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышканын айтты. Ал кезде бир гана кол менен чогултулган автобус бар экени, ал эми шаардык ташууну камсыз кылуу үчүн туруктуу өндүрүш линиясы жана жетиштүү көлөм талап кылынары белгиленди.

Ошондой эле ал автобустар тиешелүү сыноодон өтпөгөнүн жана сертификатталбаганын белгилеп, тетиктери чет өлкөдөн алынып келип, жеринде кол менен чогултулганын айтты. “Мындай шартта массалык ташууга жооп берген ишенимдүү система жок”, — деди ал.

Мындан тышкары, “Белес” автобустары учурда сатып алынган техникаларга салыштырмалуу 1,5 эсе кымбат сунушталганын кошумчалады.

Дагы бир жагдай катары дизелдик кыймылдаткыч колдонулары белгиленип, шаарда экологиялык жактан таза — газ жана электр менен жүргөн коомдук транспортко басым жасалып жатканын эске салды.

Д. Орунбеков социалдык тармактарда тараган “Белес” автобусунун сүрөтү реалдуу долбоор эмес, интернеттен алынган жана монтаждалган болушу мүмкүн экенин да билдирди.

Ошол эле учурда ал өлкөдө ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү багыты улантылып жатканын айтып, учурда жеңил жана жүк ташуучу унаалар чогултулуп жатканын, келечекте электромобилдерди өндүрүү да пландалып жатканын белгиледи.

“Акырындык менен электробустарга өтүү максатыбыз бар”, — деп жыйынтыктады ал.

28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 636
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X