Дайырбек Орунбеков: «Чет өлкөлүк адистер келишим мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишет»
Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында кытайлык жумушчулар тууралуу айтылган маалыматтарга токтолуп, мындай деп билдирди:
«Кара-Балтадагы “Джунда” заводун модернизациялоо иштерине тартылган кытайлык жумушчулар тууралуу чагымчыл видео тарап жатат. Анда “кытай айылдары пайда болуптур”, “кытайлар басып кетиптир” деген негизсиз маалыматтар айтылган.
Белгилүү болгондой, аталган завод учурда заман талабына ылайык жаңыланып, евростандарттагы бензин чыгара турган деңгээлге жеткирүү үчүн модернизацияланып жатат. Бул иштерге кытайлык адистер жана профессионал жумушчулар убактылуу негизде тартылган.
Заводдун аймагына жакын жердеги бош каралбай жаткан ангарды убактылуу жашоого ылайыкташтырып, жумушчулар жайгаштырылган. Талаага же мал сарайга жашабайт да?!
“Кытай басып кетти”, “кытай айылдары пайда болду” деген өңдүү билдирүүлөр коомчулукту козуткан чагымчыл жана жалган маалымат болуп саналат.
Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда визалык режим бар. Чет өлкөлүк адистер мыйзамдуу түрдө келип иштеп, келишим мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишет.
Мындай билдирүүлөр улут аралык кастыкты козутууга аракет болуп саналып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз.
Завод модернизацияланып бүткөндөн кийин евростандарттагы күйүүчү май өндүрүлө баштайт. Андыктан, жакшы иштерди бурмалап, коомчулукка туура эмес маалымат таратып, бузукулук кылбагыла!
Шилтеме: