Дайырбек Орунбеков: Мамлекеттик гезит-журналдардын имараты жаңыланууда

18-май, 2026-ж. / Редакция / Видео 1567

Бишкек шаарындагы “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери, ошондой эле “Ала Тоо” адабий жана “Байчечекей” балдар журналы жайгашкан имаратта капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, бир кылымга жакын убакыт мурун курулган имарат ошондон бери олуттуу оңдоо иштеринен өтпөй, имараттын техникалык абалы кыйла начарлап кеткен.

“Көп жылдан бери имарат эч кандай ремонт көргөн эмес. Учурдагы абалы кызматкерлер үчүн да ыңгайсыз болуп калган. Бул маселеге Президентибиз көңүл буруп, капиталдык ремонт иштерин баштоо чечими кабыл алынды”, — деди Орунбеков.

Белгиленгендей, оңдоо иштери аяктагандан кийин редакциялар үчүн заман талабына жооп берген бардык шарттар түзүлүп, кызматкерлерге ыңгайлуу иш чөйрөсү камсыздалат.

18-май, 2026-ж. / Редакция / Видео 1567
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X