Дайырбек Орунбеков: Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жайкы форма жеңилдетилип, улуттук стилдеги кийимдер сунушталат
Мамлекеттик кызматкерлер күндүн ысык мезгилинде галстуксуз жана костюмсуз иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган токтомдун максаты — мамлекеттик кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана электр энергиясын үнөмдөө болуп саналат. Себеби ысык аба ырайында кызматкерлердин костюм-галстук менен иштөөсү кондиционерлердин ашыкча колдонулушуна алып келери белгиленди.
Ошол эле учурда бул чечим мамлекеттик мекемелерде кондиционерди колдонууга тыюу салбайт.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форма үлгүлөрүн иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан долбоорлор даярдалары күтүлүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим стилиндеги формаларды кийүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Ошол эле учурда эл аралык жана протоколдук иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталары айтылды.