Дайырбек Орунбеков: «Сөгүш алган саясий кызматкер чет өлкөгө иш сапарга чыга албайт»

12-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 375

Эгер саясий кызматкер сөгүш же катуу сөгүш сыяктуу тартиптик жаза алса, ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт жана сый акы төлөмдөрү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, мамлекеттик саясий кызматты ээлеген кызматкерлерге карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Эмне өзгөрдү?
Эгер саясий кызматкер тартиптик жаза алса (мисалы, сөгүш же катуу сөгүш), ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Сый акы жана дем берүүчү төлөмдөрү (премия) убактылуу токтотулат. Мындай кадам саясий кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт. Эми ар бир жетекчи же жогорку кызматтагы адам кызматын так аткарууга, сергек болууга, мыйзамды жана тартипти сактоого милдеттүү болот»,
– деп белгиледи Дайырбек Орунбеков.
12-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 375
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X