Дамир Осмонов БУУда Кыргызстандагы жол кырсыктары боюнча баяндама жасады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген делегация Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынына катышууда.

Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн министр жарандардын өмүрүн сактоо жана жол кырсыктарынан жаракат алууну азайтуу мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Осмоновдун айтымында, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миң 456 жол кырсыгы катталып, 900 адам каза болгон. Дагы 12 миңден ашуун жаран ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X