Дамир Осмонов Женевада климат жана ден соолук маселесин көтөрдү

18-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 126

Дамир Осмонов Женева шаарында өткөн климат жана ден соолук маселелерине арналган министрлердин жыйынына катышты. Иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Панъевропалык климат жана ден соолук боюнча комиссиясы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында уюштурулду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө министр климаттын өзгөрүшү тоолуу мамлекеттер үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн олуттуу чакырык болуп жатканын белгиоеп, мындай шартта медицина тармагын экологиялык өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу маанилүү экенине токтолду.

Министр учурда ДССУ менен биргеликте тоолуу аймактардагы медициналык кызматтын туруктуулугун чыңдоого багытталган “Тоолордогу ден соолук” демилгеси илгерилетилип жатканын маалымдады.

Ошондой эле ал тоолуу аймактарда баштапкы жана көчмө медицинаны өнүктүрүү, санариптик чечимдерди кеңейтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Жолугушууда суунун коопсуздугу, азык-түлүк туруктуулугу жана экологиялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

“Кыргызстан “Тоолордогу ден соолук” демилгесин климат жана ден соолук боюнча глобалдык күн тартибинде илгерилетүүнү улантат. Бул багыттагы иштер 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” II Бишкек глобалдык тоо саммитине даярдыктын алкагында жүргүзүлүүдө”, — деди Осмонов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X