Дамирбек Бикулов CSCEC 5th Bureau компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144

Бүгүн, 15-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар компаниянын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн багыттарын, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн, ошондой эле инвестициялык жана инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар курулуш жана инфраструктура тармагында заманбап технологияларга, ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбага ээ болгон компанияларды тартуу Кыргызстандын өнүгүү артыкчылыктарынын бири экенин белгилешти.

Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларга зарыл болгон колдоо көрсөтүү жана келечектүү долбоорлорду комплекстүү коштоо боюнча иштерди уланта берери айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестицияларды тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууну мындан ары да улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X