Данияр Амангелдиев бир күндүк ишмердүүлүгүн журналисттерге көрсөттү
18-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» аттуу медиадолбоорго катышып, бир күндүк ишмердүүлүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге өткөрдү. Долбоордун алкагында журналисттер мамлекеттик башкаруудагы күнүмдүк иш процесстери, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу механизми жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү багыттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Күндүн иш графиги «Биринчи радионун» түз эфиринен башталып, анда өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы жана алдыдагы артыкчылыктуу багыттар тууралуу пикир алмашуу болду. Андан соң «Ынтымак Ордо» имаратында расмий эмес пресс-завтрак уюштурулуп, анда мамлекеттик экономикалык саясаттын негизги багыттары талкууланды.![]()
Программанын маанилүү бөлүктөрүнүн бири Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборуна болгон сапар болду. Данияр Амангелдиев журналисттерге борбордун ишмердүүлүгүн тааныштырып, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү санариптик көзөмөлдөө жана аймактардан түшкөн маалыматтардын негизинде ыкчам чечим кабыл алуу системасы тууралуу кеңири маалымат берди.
Күндүн экинчи жарымында Чүй облусуна жумушчу сапар уюштурулуп, анын алкагында медиа өкүлдөрү «Тулпар Моторс» машина куруу заводу жана «Сан Органик» мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы ишкананын иши менен таанышты. Өндүрүш объектилерин көрүү учурунда биринчи вице-премьер ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүү, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана агроөнөр жай тармагынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Кечки бөлүктө журналисттер Президенттин Администрациясында өткөн эки жумушчу кеңешмеге катышып, мамлекеттик тапшырмаларды аткаруу жана көзөмөлдөө процесстерине күбө болушту.
Бир күндүк иш марафону Кыргыз улуттук маалымат агенттиги — Кабар уюштурган подкаст менен жыйынтыкталды. Анда Данияр Амангелдиев күндүн жыйынтыгын чыгарып, өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы боюнча суроолорго жооп берди.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары «Ачык кабинет» форматы мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүн ачык көрсөтүүгө жана коомчулукка мамлекеттик аппараттын алдында турган милдеттердин масштабын кеңири түшүндүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
![]()
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары «Ачык кабинет» форматы мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүн ачык көрсөтүүгө жана коомчулукка мамлекеттик аппараттын алдында турган милдеттердин масштабын кеңири түшүндүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.