Данияр Амангелдиев эл аралык экономикалык форумга катышты

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербургга болгон жумуш сапарынын алкагында 3-июнда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун расмий ачылышына катышты.

Өз сөзүнүн жүрүшүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экономикалык өсүштүн жогорку темптери тууралуу айтып, Кыргызстандын форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи, анткени форум бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири бизнес-платформалардын бири жана жаңы экономикалык байланыштар калыптанган, инвестициялык чечимдер кабыл алынган, аймактык долбоорлор ишке ашырыла турган мейкиндик болуп саналат.

Ал Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин, алардын мамилелери жалпы тарыхка жана тыгыз гуманитардык байланыштарга гана эмес, бекем экономикалык пайдубалга негизделгенин белгиледи.

Данияр Амангелдиев кооперациянын сапаттык өнүгүүсү — биринчи кезекте соода мамилелеринен биргелешкен өндүрүшкө өтүү, өнөр жай кооперациясы, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

Экономикалык өсүштүн факторлоруна токтолуп, ал мамлекеттин тең салмактуу экономикалык саясатын белгиледи: бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү, салык жана бажылык башкарууну жөнөкөйлөтүү.

Анын айтымында, бул факторлор ишкердик активдүүлүктү арттырып, ички рынокту кеңейтип, экономиканын олуттуу бөлүгүн көмүскө экономикадан алып чыкты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине катышуусунун ролуна өзгөчө токтолду, бул атамекендик өндүрүшчүлөргө чоң рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берген жана биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды олуттуу түрдө чыңдаган.

Келечек тууралуу айтып жатып, Данияр Амангелдиев Кыргызстандын жана Евразиянын башка өлкөлөрүнүн өсүү потенциалы экономикалык интеграцияны тереңдетүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өнөр жай кооперациясы, санариптик экономика жана биргелешкен технологиялык долбоорлордо экенин белгиледи.

«Биздин азыркы милдет — жогорку көрсөткүчтөрдү сактап калуу эмес, бул өсүштүн сапатын камсыз кылуу: заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, технологияларды өнүктүрүү жана жарандардын кирешесинин туруктуу өсүшүнө жетишүү», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Ошондой эле форумдун экинчи күнүндө Төраганын биринчи орун басары “Бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы синергия эл аралык мамилелердеги гуманитардык саясаттын натыйжалуу механизми катары” панелдик сессиясына катышты.

Ал өз сөзүндө эл аралык гуманитардык кызматташуудагы бизнес коомчулугунун ролуна жана республикадагы бизнести колдоо чараларына токтолду.

Анын айтымында, гуманитардык кызматташтык мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү инструменттердин бирине айланууда.

Төраганын биринчи орун басары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттик саясаттын приоритети болуп санала тургандыгын, адамдарга, алардын билимине, жөндөмүнө, чыгармачылык потенциалына инвестициясыз экономиканын туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

“Мамлекеттин, бизнестин, коомдун биргелешкен аракети менен гана биз заманбап чакырыктарды ийгиликтүү чечип, келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө алабыз”, — деди Данияр Амангелдиев.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X