Данияр Амангельдиев: Кризиске каршы план иштелип чыгууда

14-март, 2022-ж. / Редакция / Экономика 49

Бизнес менен бирге кризиске каршы план иштелип чыгууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев учурдагы экономикалык жагдай, кризиске каршы чараларды колдонууну бизнес өкүлдөрү менен талкуулоодо билдирди.

Маалыматка ылайык,  Министрлер Кабинети экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү, ишкерликти колдоо иретинде төрт кыска мөөнөттүү программаны ишке ашырган.

“Украинадагы окуяларга байланыштуу, мамлекетке зыяны тийгендерди минималдаштыруу үчүн, Министрлер Кабинети кризиске каршы планды иштеп жатат. Учурдагы жагдай мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да тобокелдиктерди туудурууда. Андыктан, биргелешип кризиске жол бербөө үчүн практикалык чараларды иштеп чыгабыз. Анткени бизнес жер-жерлердеги жагдайды жакшы билет”, — деди ал.

Мындан тышкары, доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу бизнести жана банк тутумун колдоо мүмкүнчүлүктөрү, сом депозиттеринин чыгып кетүүсүн алдын алуу маселелери да талкууланган.

Бизнес өкүлдөрү Россия менен болгон сырткы товар алмашуунун чектелиши, авиакаттамдардын токтолушу боюнча тынчызданууларын билдиришкен. Жыйынтыгында министрлик менен бизнестин биргелешкен кризиске каршы аракеттеринин программасы түзүлмөкчү болду.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Экономика 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X