Данияр Амангелдиев: Кыргызстан ЕАЭБ агроөнөр жай мейкиндигинде интеграциялык хаб болууга умтулууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында агроөнөр жай рыногу жана дүйнөлүк экономикалык трансформация боюнча бир нече негизги панелдик сессияларга катышты.
“Эл аралык айыл чарба рынокторун калыптандырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ролу” панелдик сессиясында сөз сүйлөгөн Данияр Амангелдиев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана прогрессивдүү кайра иштетүүгө көңүл буруп, туруктуу жана инновациялык тамак-аш системасын түзүү үчүн мамлекеттик субсидияларды, заманбап санитардык жана ветеринардык стандарттарды, суу ресурстарын башкаруунун алдыңкы технологияларын, ЕАЭБ алкагында илимий кызматташтыкты жигердүү ишке ашырып жатканын белгиледи. Өлкөнүн логистикалык борборлорго биргелешкен инвестицияларды тартууга жана аквакультура тармагын өнүктүрүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
“Жаңы дүйнөлүк тартиптин экономикасы: структуралык трансформация, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” талкуусунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары глобалдык финансылык жана соода мамилелеринин учурдагы трансформациясынын анализин сунуштады. Ал белгилегендей, эл аралык мамилелердин эски архитектурасынын түп-тамырынан бери бузулуп жаткан учурда Кыргызстан өзүн соода жана транзиттик каттамдардын негизги аймактык хабы катары ийгиликтүү көрсөтүп жатат. Ал Кыргызстандын жаңы дүйнөлүк түзүлүштөгү орду ички өсүштү жана аймактык туруктуулукту жогорулатуу үчүн Борбор Азиянын географиялык артыкчылыктарын эффективдүү пайдаланган адаптацияланган экономика катары саналат деп ырастады.
Иш күнүнүн аягында Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форуму-2026 Пленардык сессиясынын ардактуу коногу катары катышып, анда бир катар мамлекеттик лидерлердин жана дүйнөлүк бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда глобалдык өнүгүү векторлору жана узак мөөнөттүү эл аралык өнөктөштүктүн келечеги талкууланды.