Данияр Амангелдиев Мордовия жана Чувашия жетекчилери менен кызматташтыкты талкуулады
Данияр Амангелдиев Артем Здунов жана Олег Николаев менен жолугушту. Жолугушуулар «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026″ алкагында өттү.
Мордовиянын башчысы Артем Здунов менен болгон сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, бизнес чөйрөлөр ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар быйыл Кыргызстанда өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдык иштерин да талкуулашты.
Данияр Амангелдиев Мордовиянын расмий жана ишкер өкүлдөрүн инвестициялык кызматташууну күчөтүү максатында аталган конференцияга катышууга чакырды.
Ал эми Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен болгон жолугушууда тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегин карап чыгып, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын аныкташты. Сүйлөшүүлөрдө тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү, бизнес жана туризм жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар талкууланган демилгелерди практикалык деңгээлде ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.