Данияр Амангельдиев «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026» форумунун алкагында Артем Здунов жана Олег Николаев менен жолугушту

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 273

Казан, 15-май 2026-жыл — Данияр Амангельдиев «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026» эл аралык экономикалык форумуна катышуусунун алкагында Артем Здунов жана Олег Николаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов менен болгон сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар диалогдун ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Данияр Амангельдиев Мордовия Республикасынын расмий жана ишкер чөйрө өкүлдөрүн аталган конференцияга катышууга чакырып, инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн бул аянтчанын маанисин белгиледи.

Ал эми Чуваш Республикасынын башчысы Олег Николаев менен болгон жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныкташты. Атап айтканда, сектордук кызматташтыкты өнүктүрүү, бизнес жана туризм жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери көтөрүлдү.

Данияр Амангельдиев Кыргызстан менен Чуваш Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү үчүн бул жолугушуу бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар талкууланган демилгелерди практикалык деңгээлде ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X