Данияр Амангелдиев Россиянын үч аймагы менен кызматташуу боюнча документтерге кол койду
Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия Федерациясынын аймак жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Алгач Данияр Амангелдиев Калининград облусунун губернатору Алексей Беспрозванных менен жолугушуп, агроөнөр жай комплекси, маданият, туризм жана өнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарапка үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда өтө турган Калининград облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен Калининград облусун өнүктүрүү корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Вологда облусунун губернатору Георгий Филимонов менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттарын талкуулап, өз ара байланышты чыңдоого кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вологда облусунун өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле Данияр Амангелдиев Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Саха Республикасынын (Якутия) Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.