Данияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы министр Алмаз Айылчиевди тааныштырды
Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – министр Алмаз Айылчиевди тааныштырды.
Аны дайындоо тууралуу тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.
Жаны жетекчини тааныштырып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда, ченемдик укуктук актыларга сапаттуу укуктук экспертиза жүргүзүүдө, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүдө маанилүү ролун белгиледи.
Ал юстиция органдарында активдүү реформаларды улантуунун жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Данияр Амангелдиев Алмаз Айылчиевге жана министрликтин жамаатына мындан аркы жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалап, жаңы министрге Мамлекет Башчысы тараптан көрсөтүлгөн жогорку деңгээлдеги ишенимди өзгөчө белгиледи.