Баткен облусунда дарбыз жана коондун фитосанитардык коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча атайын рейддик иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Айыл чарба тармагынан билдиришти.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасынын негизинде Баткен өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын адистери инспекторлор менен биргеликте фитосанитардык өткөрмө посттордо текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Рейддердин жүрүшүндө адистер нитратомер шаймандары аркылуу бахча өсүмдүктөрүндөгү нитраттардын деңгээлин аныктоодо. Учурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында нитраттын өлчөмү белгиленген нормадан ашкан учурлар катталган эмес.
Адистердин айтымында, бул иш-чаралар базарларга сапатсыз жана кооптуу продукциялардын киришине жол бербөө, ошондой эле калк арасында азык-түлүккө байланышкан уулануулардын алдын алуу максатында уюштурулууда.
Текшерүү иштери сезон аяктаганга чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү белгиленди.