Дархан Эргешов АКШдагы беттешке чыгат
Кыргызстандык мушкер Дархан Эргешов АКШда өтө турган XFC 54: Ascension турниринде чемпиондук наам үчүн беттешке катышат.
Маалыматка ылайык, беттеш 25-апрелде Коралвилл шаарында, Айова штатында өтөт. Негизги кармашта Эргешов америкалык мушкер Сарек Шилдс менен күч сынашат.