Дарыгерден сунуш
Орусиялык дарыгер Андрей Явисянын айтымында, эмдөөдөн кийин организмде олуттуу терс таасирлер сейрек кездешет, пайда болгон учурда бир нече күндүн ичинде жоголот. Вакцина алган адам алсыздыкты, дене табынын көтөрүлүшүн сезиши мүмкүн. Андыктан ал эмдөөдөн мурун жана андан кийин 5-7 күн бою спорт менен машыгууну, эмдөөдөн кийин 2-3 күндүн ичинде оор жүктү көтөрүүдөн, стресстен, ашыкча ысып жана муздап кетүүдөн сактанууну сунуштайт.