Дастан айтуучулардын республикалык сынагында баш байгени Аккыз Абасбекова алды
Кыргыз улуттук «Манас» театрында көчмөндөр мурасын алып жүрүүчүлөрдүн айтуучулук өнөрүнүн дастанчылык жанры боюнча республикалык кароо-сынак өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында уюштурулган. Анын негизги максаты — кыргыздын дастанчылык өнөрүн сактоо жана өнүктүрүү, улуттук мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү жана жаш таланттарды колдоо.
Кароо-сынака салттуу музыкалык өнөрдүн өкүлдөрү катышып, улуттук аспаптардын коштоосунда кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды, терме-санаттарды жана ашыктык ырларды аткарышты.
Катышуучулар өнөрүн эки айлампада тартуулашты. Калыстар тобу алардын аткаруучулук чеберчилигине, чыгарманын нукуралуулугуна, тексттин тактыгына, сюжеттин жеткиликтүүлүгүнө, үн менен аспаптын айкалышына жана чыгармачылык өзгөчөлүгүнө баа беришти.
Жыйынтыгында баш байгеге Аккыз Абасбекова татыктуу болуп, 120 миң сом алды.
1-орунду Иманбек Жээнбеков — 100 миң сом,
2-орунду Улукбек Токтоболот уулу — 70 миң сом,
3-орунду Перизат Кемелова жана Бермет Калиева — 40 миң сомдон алышты.
Мындан тышкары, атайын сыйлык Нурсултан Кадыралиев менен Жаңынур Эсеналиевага 30 миң сомдон берилди.
Кызыктыруучу сыйлыктарга Калыбек Турганов, Адилет Садыбакас уулу, Гулина Калыгулова жана Талант Турдуев ээ болуп, ар бирине 20 миң сомдон тапшырылды.
Кароо-сынактын жалпы байге фонду 600 миң сомду түздү.