Дастан Бекешев жана Жылдыз Курманалиева Страсбургда ЕКПАнын сессиясына катышууда

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Жылдыз Курманалиева Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) күзгү сессиясына катышууда.

Кыргызстандын парламенттик делегациясы ЕКПАнын жалпы жыйынына катышып, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Алардын алкагында Иорданиянын делегациясы менен жолугушуу болуп, «Демократия боюнча өнөктөштүк» статусун ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, кыргыз депутаттары ЕКПАнын президенти Петра Байр менен жолугушуп, учурдагы жана келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушууларда парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө жана кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоо маселелерине көңүл бурулду.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X