"Эркин-Тоо"

Дельфин жана киттер сууда жашаса да суу ичишпейт

А сиз билесизби?
Дельфин жана киттер өздөрү сууда жүрсө да суу ичишпейт. Алар сууну балыктар, кальмарлар менен тамактангандан алып турушат.

Кээ бир жаныбалдардын жүрөгү көп болоорун билдиңиз беле. Мисалы айрым жерде жашаган курттардын жүрөгү 10го чейин болот. Аларда өпкө жок.

Крот деген жаныбар бир түндө 100 метр тоннель казып коё алат.

Адамдын денесиндеги жылуулуктун 40-50 пайызы баштан чыгып, жок болот. Андыктан баш кийим кийип жүргүлө.

Rafflesia arnoldii гүлү планетадагы эң чоң гүл деп эсептелинет. Ал 11 килограмм салмакта, бир кол чатырдын чоңдугуна барабар болот. Индонезияда өсөт.

Адам жылына 4 миллион 200 миң жолу көзүн ирмейт.

Эң чоң клетка деп төөкуштун жумурткасынын сарысы эсептелет.

Зебра өзү кара жаныбар. Анын ак түстөгү тактары генетикалык процесстерден улам пайда болгон. Ар бир зебранын кара-ак түстөгү териси уникалдуу кайталангыс болот. Кудум адамдын колунун издери сыяктуу. Алар бири-бирин теридеги сүрөттөрү аркылуу таанышат.

Окумуштуулар спутниктерди пайдаланып Лос Анджелести жылына чыгыш тарапка жарым сантиметрге жылып бараткандыгын аныкташкан.

Бир адамдагы кан-тамырлардын жалпы узундугу 100 миң километр. Кан тамырлар менен Жердин экваторун эки жолу айландырып чыгууга болот.

Акула рак менен оорубайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!