Дэн Сяопин проспектисинин дагы бир тилкеси убактылуу жабылат

13-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24

Бүгүн, 13-марттан тарта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду толук оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу проспекттин Кайназарова көчөсү менен Сыдыгалиев көчөсүнүн ортосундагы тилкеси унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында проспекттин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү жабылган.

13-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X