Денис Петрашов эл аралык мелдеште алтын алды

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн TYR Pro Swim Series 2026 эл аралык мелдешинде алтын медаль жеңди.

Мелдеш 4–7-март күндөрү Уэстмонт шаарында, Иллинойс штатында өттү. Финалда Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө 59.70 секунд убакытта келип, биринчи орунду ээледи.

Экинчи орунду америкалык спортчу Жош Мазени 59.78 секунд жыйынтык менен алса, үчүнчү орунду дагы бир америкалык спортчу Джек Келли 59.90 секунд көрсөткүч менен камсыз кылды.

TYR Pro Swim Series – дүйнөнүн профессионал сүзүүчүлөрү катышкан эл аралык мелдеш болуп саналат.

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X