Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен билдиришти.
Анын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон.
Белгилей кетсек, Айбек Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.