Депутат боор жана бөйрөк оорулары бар жарандар үчүн 50% жеңилдикти кайтарууну өтүндү

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 145

Жылдыз Курманалиева Жогорку Кеңештин жыйынында боор жана бөйрөк ооруларынан жабыркаган жарандарды колдоо маселесин көтөрдү.

Ал мындай илдетке кабылган бейтаптар дарыланууга жана лабораториялык текшерүүлөргө ири суммадагы каражат сарптоого аргасыз болуп жатканын белгиледи. Депутаттын айтымында, айрым жарандар чет өлкөлөрдө жасалуучу кымбат операцияларды өздөрү каржылоого аргасыз.

Ошондой эле ал мурда медициналык кызматтарга берилген 50 пайыздык жеңилдик учурда 40 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтты.

Курманалиева бейтаптардын кайрылууларын эске алуу менен боор жана бөйрөк оорулары менен жабыркаган жарандар үчүн мурдагы 50 пайыздык жеңилдикти кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.

“Ушул категориядагы бейтаптар үчүн 50 пайыздык жеңилдикти калыбына келтирүү маселесин карап чыгууну суранам”, — деди депутат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X