Депутат Чолпон Эсенаманова Кара-Балтадагы медициналык институттун иши менен таанышты

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова Кара-Балта шаарындагы Кыргыз медициналык-стоматологиялык институтуна барып, окуу жайдын шарттары жана билим берүү процесси менен таанышты.Возможно, это изображение осветительное оборудование, внутри помещения и текст

Иш сапарда негизги көңүл институттун мамлекеттик аккредитация маселесине бурулду. Маалыматка ылайык, май айындагы эксперттик баалоодо бир стандарт боюнча талаптарга жооп бербеген жагдай аныкталып, 1-июнда аккредитация берүүдөн баш тартылган.Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и больница

Институттун жетекчилиги кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирип, кайра аккредитациядан өтүүгө даярданып жатканын айтты.

Депутат сапаттуу медициналык кадрларды даярдоо маанилүү экенин белгилеп, маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен карап чыгууга аракет жасарын билдирди.

Бүгүнкү күндө КМСИде өлкөнүн аймактарынан келген 600гө жакын студент билим алууда.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X