Депутат Махабат Мавлянова жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө сыйлык тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова №3 шайлоо округунда Жалпы республикалык тестирлөөдөн 210 баллдан жогору упай алган мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.
Жолугушууда депутат жаштарды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, аларга мындан аркы окуусунда ийгиликтерди каалады. Ал билимдүү жана аракетчил жаштар өлкөнүн келечеги экенин белгиледи.
«210 баллдан жогору упай алуу — чоң жетишкендик. Бул силердин талыкпаган эмгегиңердин жыйынтыгы. Ар бириңер келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон билимдүү, мекенчил жаштардан болоруңарга ишенем», — деди Махабат Мавлянова.
Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Депутат таланттуу жаштарды колдоо алардын ийгиликтерине дем берип, билимге умтулуусун арттырарын белгиледи.