Депутат Марат Аманкулов мандатын тапшырды

1-апрель, 2021-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 16

1-апрелде кабыл алынган чечимдин негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын токтотту.
Токтомго Аманкуловдун арызы негиз болгон.
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында депутат М.Анаркулов мыйзамсыз баюуга шектелип, 26-марттагы маалымат жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө мыйзамсыз баюу беренеси менен иш козголгонун, ал чыгымдын кайсы бир бөлүгүн төлөгөнүн айткан.

1-апрель, 2021-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X