Депутат Мирлан Бакиров жаңы кызматка дайындалды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп Мирлан Бакиров дайындалды. Бул маалыматты фонддун басма сөз кызматы тастыктады.
М.Бакиров 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал парламентке «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катарында келген.