"Эркин-Тоо"

Депутат Н.Алимбеков: Өкмөт чабалдыгынан 50 млн доллар гранттан куру калганы турат

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков билдирүүсү боюнча, Өкмөт БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар (4 миллиард 250 миллион сом) грантын албай жатат.

Алимбековдун айтымында, аталган уюм Жашыл климат фондунун эсебинен 2020-жылы Кыргызстанга жардам катары грант берүү чечимин кабыл алган. Каражаттын 22 миллион доллары айыл чарбасын колдоого, калган бөлүгү климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында алдын алуу иштерине, энергетика тармагына жумшалмак. Депутат мындай багыттагы грантты 100 миллион доллар өлчөмүндө коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери алганын баса белгиледи.

«Ушул иштерди Кыргызстан жактырганы туурасында өкмөт уюмга макулдук катын жибериши керек. Бирок аябай кечигип жатат, макулдашууга кол коюунун акыркы мөөнөтү 30-апрелде бүтөт. Өткөн жумада уюмдун өкүлү Аднан Курешти кабыл алдым, бир айдан бери өкмөттүн үч министрлигинин эшигин каккылап жүргөнүн айтты. Эки күн калды, ушуну азыр чечип бербесек, грант башка өлкөгө өтүп кетет. Бул өтө чоң акча, аны албасак уят дагы болобуз. Өкмөт тез арада чечиши керек. Министрлер чечим кабыл ала албай жаткандан кийин премьер-министрди чакыралы да өзүбүз жардам берели», — дейт эл өкүлү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!