Депутаттар аймактардагы суу, жол жана социалдык маселелерди көтөрүштү
Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин «Ар кандай маселелер саатында» депутаттар аймактарды өнүктүрүү жана калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бир катар сунуштарды айтышты.
Нурбек Сыдыгылиев Жумгал жана Кочкор райондорундагы ирригация маселесин көтөрүп, 28 чакырымдык Кароол-Арык каналына бетон латокторду орнотууну жана Каракол, Миң-Теке БДРлеринин курулушун тездетүүнү сунуштады.
Кубанычбек Самаков Ат-Башы районунда 1000 гектардан ашык жер сугат суунун жетишсиздигинен иштетилбей жатканын айтып, Чекенди-Талаа каналын калыбына келтирүүгө чакырды. Ошондой эле таза суу долбоорунун сапатына көңүл бурууну өтүндү.
Бекмырза Чолпонбай уулу Сузактагы №72 мектептин материалдык-техникалык базасын жаңылоону жана бир катар айылдарга спорт зал, кичи футбол аянтчаларын курууну сунуштады.
Умбеталы Кыдыралиев Бишкектеги Достук жана Балбан-Таймаш конуштарындагы бала бакча, канализация маселелерин чечүүнү, ал эми Азамат Исираилов Ош шаарындагы 218-кварталга бала бакча жана балдар аянтчасын курууну сунуштады.
Мындан тышкары, депутаттар Мавлюда Калбердиева «Келечек үчүн билим берүү» долбоорундагы каржылык маселелерди текшерүүнү, Болотбек Борбиев бийик тоолуу аймактар үчүн коэффициентти кайра кароону, Бактыбек Чойбеков Степное айылындагы балдардын паспорт алуу маселесин чечүүнү сунуштады.
Алтынбек Кудайбердиев Кара-Суудагы жол жана таза суу маселелерин, Эльвира Сурабалдиева Бишкектеги жол кеңейтүүгө байланыштуу жашоочулардын тынчсыздануусун көтөрдү. Айбек Алтынбеков Базар-Коргондогу 2023-жылдан бери токтоп турган мектептин курулушун бүткөрүүнү өтүндү.