"Эркин-Тоо"

Депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорду кабыл алышты

1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында 25-марттан 31-мартка чейин каралган мыйзамдардын жана токтомдордун долбоорлоруна добуш берилди.
Анын жыйынтыгында бир катар мыйзамдардын жана токтомдордун долбоорлору кабыл алынды.
Биринчи окууда:

  • «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Сулайманов А.Т., Абдылдаев М.Ю., Жапаров А.Ү., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Иманалиев К.К., Рыспаев К.Ж., Карашев А.А., Маматалиев М.А., Мамашова А.Т., Жамалдинов З.И., Алтынбеков А., Казакбаев Р.А., Жеенчороев М.К., Акаев Ж.К., Сыдыков Б.Ү., Нурбаев А.М.);
  • «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.);
    Экинчи окууда:
  • «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Тиллаев Т.Г., Турсунбаев А.А., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А.);
  • «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.);
  • «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, Күрөө жөнүндө мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.);
  • «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (демилгечи – өкмөт);
    Үчүнчү окууда:
  • «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (демилгечи – өкмөт);
  • «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төлөнов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Ж., Бакиров М.И.).
    (ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими –үчүнчү окууда кабыл алынсын).
    Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлору:
  • «Кыргыз Республикасындагы мунайгаз тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардардын баалары жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  • «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  • «Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеӊештин 2019-жылдын 26-декабрындагы №3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
    Президенттин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири кабыл алынды:
  • «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга карата президенттин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Айнакулов М.А., Акматов А.Ж., Жапаров А.Ү., Туманбаева Р.М., Бокоев К.С., Токтошев Э.Т.).
    (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – каршы пикирге макулдук берилсин).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!