Депутаттар Бишкектеги бир катар медициналык жайлардын абалын көрүп чыгышты

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаева менен Умбеталы Кыдыралиев шайлоочулардын кайрылуусунун негизинде Бишкектеги №11 жана №5 Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, ошондой эле №7 стоматологиялык поликлиникага барышты.

Иш-чарага саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев да катышты.

Эл өкүлдөрү медициналык мекемелердин материалдык-техникалык абалы, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар жана жарандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

Мындан тышкары, шайлоочулардан түшкөн даттануулар талкууланып, көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча мекеме жетекчилеринин сунуштары угулду.

Депутаттар көтөрүлгөн маселелерди Саламаттык сактоо министрлиги жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кароо зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X